Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чоң жоготууга же кырсыкка учуроо, мүңкүрөп калуу. Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев) Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң жоготууга же кырсыкка учурап мүңкүрөп калуу, мурдагы абалындай боло албай өксүп калуу. Дөгүрсүгөн эр Коңур, Дөөлөрүнөн айрылып, Канаттары кайрылып («Семетей»). Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев). Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев). В.: Канаты сынуу. Карып калган кезимде, Канатым сынып какшадым (Осмоналиев).